Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-сентябры № 211
Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарынын ченин бекитүү жөнүндө
Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарынын чени боюнча шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74,75,76- беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарынын чени төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-юридикалык тараптар үчүн - 100сом
-жеке ишкерлер үчүн - 100 сом
2. Cүлүктү шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаардык башкармалыгына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага
| М.А. Кутбидинов |