Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-сентябры № 212
Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 10.09. 2024ж. №01-12/2487 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын кадрдык өзгөрүүгө байланыштуу мэриянын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү катын талкуулап 09.07.2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин 12 – беренесинин 5 – пунктунун жана 14-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеӊештин XXXVIII сессиясынын 17.05. №178 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамы өзгөртүүлөр менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Полотов А.А. - шаардын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;
2. Арстанбеков М.А. . - Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси - комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
3. Калакулов С.К. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысынын м.а.
4. Жолдошов. - Сүлүктү шаарынын мэриясынын адиси –юрист
5. Мурзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
6. Исраилов А.П. - “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;
7 Жалилов М.Ж. - “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;
8. Самадова Г.Х. - шаардык кеӊештин депутаты;
9. Карабаев Г.М. – шаардык кеӊештин депутаты;
10. Исканов М.И. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы
11. Эрискулов А.- Коомдук активист.
2. Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары А.А Полотовго милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А. Кутбидинов |