Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 11-сентябры № 213
Деканов көчөсүндөгү №5/6 батирин Бикулов Алик Фаридиновичтин атына акысыз менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 10.09.2024ж. №01-12/2494 чыгыш сандагы Деканов көчөсүндөгү №5/6 батирин БикуловАлик Фаридиновичтин атына акысыз менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты жана Сүлүктү шаарынын прокурорунун 03.09.2024ж. №24/144-07-11-8-00587 сандуу сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Деканов көчөсүндөгү №5/6 батирин Бикулов Алик Фаридиновичтин атына акысыз менчиктештирүүгө макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| М.А. Кутбидинов |