Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-сентябры № 215
Сүлүктү шаарынын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акысын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 20.08.2024ж. 01-7/2245 чыгыш сандагы Сүлүктү шаарынын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013жылдын 23-сентябрындагы №519 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасыда автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун Эрежелеринин” 166 беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сүлүктү шаарынын аймагындагы маршруттук каттамдардын жол кире акысы 20 сом, окуучулар үчүн 10 сом өлчөмүндө бекитилсин
Төрага
| М.А. Кутбидинов |