Редакцияот 04.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-декабры № 2590-VII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 4-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 4-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын декабрына карата ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө; 

“Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ; 

“Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; 

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө; 

“Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ.

 

  

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагаcы

 

 

Н.Т. Шакиев