Редакцияот 02.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 2-ноябры № 3/11

Т.Мавлянов атындагы орто мектептин эски от казанын сатуу жөнүндө

Т.Мавлянов атындагы орто мектептин эски от казанын сатуу жөнүндө ФЭБ башчы

Тасмабек уулу Болотбектин сунушу жөнүндө Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII

чакырылышынын кезектеги III сессиясы угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Т.Мавлянов атындагы орто мектептин эски от казанын сатуу жөнүндө ФЭБ башчы Тасмабек уулу Болотбектин сунушу колдоого алынсын.

2. Эски от казанды атайын көз карандысыз баалоо комиссияларга баалатып мыйзам чегинде сатуу жагы ФЭБ башчы Тасмабек уулу Болотбекке эскертилсин.

 

3.  Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ч.Кадыркуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К.Карабаев.