Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №43
Б. Мамбетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине “ Айыл – чарба багытындагы жерлерден” келип түшкөн 251 000 (эки жүз элүү бир миң) сом акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика боюнча башчысы М.Кубанычбекованын маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70111-аппарат бөлүмүнүн 22211100 “имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоо иштерине” беренесине Төрт-Күл айылынын кырманына цемент алуу үчүн 251,0 миң сом жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы Г.Ѳмүркуловага тапшырылсын.
Төрага Р.М.Белекова