Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №46
Туура-Суу айылындагы Таш-Жон участкасындагы 0,46 га жер тилкесин айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигине алуу жана муниципалдык менчиктеги жер тилкесине сейил бак куруу жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январь айындагы №30 “Жайыттар жѳнүндѳ”, жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адис А.Ибраевдин маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туура-Суу айылындагы “Таш-Жон” участкасындагы 0,46 га жер аянты жашылдандыруу, кѳрктѳндүрүү, жарандардын эс алуусуна шарт түзүү максатында, элдердин жашоо шартын оңдоо ирээтинде муниципалдык менчикке алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин Жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.М.Белекова