Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №47
Тѳрт-Күл айылындагы Ангарды муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айылындагы кырмандын ичиндеги Ангар муниципалдык менчикке алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин Жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.М.Белекова