Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №51
Болот Мамбетов айыл аймагындагы эстеликтерди
муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагындагы эстеликтер муниципалдык менчикке алынсын жана мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү кеӊешинин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага Р.М.Белекова