Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №52
Болот Мамбетов айыл аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана Темир-Канат, Жер-Үй айылдарынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адис А.Ибраевдин Болот Мамбетов айыл аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана Темир-Канат, Жер-Үй айылдарынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳ маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчиктин объектиси катары реестрге киргизилсин.
3. Токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровго жүктѳлсүн.
Төрага Р.М.Белекова