Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №53
Болот Мамбетов айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын
резервине талапкерлерди кѳрсѳтүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Тоң, Балыкчы, жана Жети-Ѳгүз аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын ѳкүлүнүн 18.07.2024-жылдагы Чыгыш № 7/9 сандуу катынын негизинде Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Тоң, Балыкчы, жана Жети-Ѳгүз аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын ѳкүлүнүн 18.07.2024-жылдагы Чыгыш № 7/9 сандуу катынын негизинде Болот Мамбетов айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлер кѳрсѳтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы
Г.Садыровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровго жүктѳлсүн.
Төрага Р.М.Белекова