Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин
VII чакырылышындагы VI сессиясы
2024-жылдын 11-сентябры №54
Б. Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги
427933,85 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика боюнча башчысы М.Кубанычбекованын сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын бюджетинде бекитилген 70911-бѳлүмүнүн 2218-тамак аш азыктарын алуу беренесиндеги калган акча каражаты 427933,85 сом тѳмѳндѳгү бѳлүмдѳргѳ бѳлүштүрүлсүн.
Ушул эле 70911-бѳлүмүнүн 2111-негизги эмгек акыга беренесине 127650,15 сом, 2121-социалдык фондго тѳгүмдѳр беренесине 26609,85 сом, жалпы 154259,85 сом. ЖКХ 70629-бѳлүмүнүн 22141200 запастык бѳлүктѳрдү алуу беренесинин автопогрузчикке дѳнгѳлѳк камерасы менен 2даана 75000 сомдон 150000 сомго, МТЗ 82 тракторуна дѳңгѳлѳк камерасы жок 2 даана 35000 сомдон 70000 сом.
Аппарат 70111- бѳлүмүнүн 22221200-учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка буюмдарды сатып алуу үчүн 8000 сомду рамка алууга, ушул эле бѳлүмгѳ Б.Мамбетов айыл ѳкмѳтүндѳ райондук деңгээлде ѳтүүчү түшүм майрамына 25674 сомду 22154900 “Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ акы тѳлѳѳгѳ байланыштуу” беренесине жана “Ардактуу атуул”, “Сыймыктуу инсан” наамдарын алуу үчүн 20000 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы Г.Ѳмүркуловага тапшырылсын.
Төрага Р.М.Белекова