КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН МАВЛЯНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мавлянов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 2-ноябры № 3/17
Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана жана Чие айылдарындагы Чыныбек-Болуш көчөсүнүн жээгине жөө адамдар басуучу тротуар куруу долбоорунун өздүк салымына акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Тасмабек уулу Болотбектин Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Атана жана Чие айылдарындагы Чыныбек-Болуш көчөсүнүн жээгине жөө адамдар басуучу тротуар куруу долбоорунун өздүк салымына акча каражатын бөлүштүрүү боюнча сунушун Мавлянов айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Атана айылындагы Чыныбек-Болуш көчөсүнүн жээгине 1420,0 м жөө адамдар басуучу тротуар куруу долбоору колдоого алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Атана айылындагы Чыныбек-Болуш көчөсүнүн жээгине 1420,0 м жөө адамдар басуучу тротуар куруу долбооруна өздүк салым үчүн айыл өкмөттүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин 520000 (беш жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
3. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие айылындагы Чыныбек-Болуш көчөсүнүн жээгине 1000,0 м жөө адамдар басуучу тротуар куруу долбоору колдоого алынсын.
4. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чие айылындагы Чыныбек-Болуш көчөсүнүн жээгине 1000,0 м жөө адамдар басуучу тротуар куруу долбооруна өздүк салым үчүн айыл өкмөттүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
5. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Мавлянов айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Карабаев. |