Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 106
Баткен шаардык Кеңешинин төрагасын орун басарларын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 Мыйзамынын 40-пункту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү, Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын I уюштуруу сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын төрагасынын биринчи орун басары болуп Ахмедова Чынара Мамедовна, экинчи орун басары Таштанов Адылбек Нийзамидинович ачык добуш берүүнүн негизинде бекитилсин.
2.Бекитилген токтом Кеңештин расмий сайты аркылуу жалпыга жарыялансын.
3.Токтом мамлекеттик реестриге киргизилүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын
Төрага | А. Аширов |