Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык Кенешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги I-сессиясы

2024-жылы 28-ноябры № 9

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылынын Дарыя участкасында жайгашкан жерге  суу кампа куруу максатында    0,50 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2024-жылдын 15-ноябрындагы №01-13/3500 сандуу катынын негизинде жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылынын Дарыя участкасындагы   0,50га жер аянтын которууга (трансформациялоого)  макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык  кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги  I сессиясы токтом кылат: 

 

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ  айылынын Дарыя участкасындагы     №505-контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянты башка жерлер (галечник), №512-контурундагы жайгашкан 0,45 га жер аянтына суу кампа куруу максатында  “Башка жерлер (галечник) багытындагы”    категориясынан   “Өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

      2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зарташ айылынын Дарыя участкасындагы  №505-контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянтын, №512-контурунда жайгашкан 0,45 га жер аянтын  трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

      3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык                     маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын    орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага:

 А.Суранчиев