Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АИЛЬНЫЙ КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылы 28-ноябры № 10
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылынын суу кампасы жайгашкан жерге 0,77 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы №01-9/113 сандуу катынын негизинде жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылынын суу кампасы жайгашкан 0,77 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын суу кампасы жайгашкан №551-контурундагы 0,77 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын суу кампасы жайгашкан №551-контурундагы 0,77 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.Суранчиев |