Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-декабры № 786-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" долбоору (мындан ары - БТӨК долбоору) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдоруна төмөндөгүлөр сунушталсын:
1) өндүрүштүн негизги каражаттары жана өндүрүштүк, экономикалык жана социалдык мүнөздөгү жалпы кызыкчылыктар менен бириккен чарба жүргүзүүчү субъекттерге кредит берүү (каржылоо), анын ичинде ислам принциптерине ылайык берүү;
2) БТӨК долбоорун ишке ашырууга катышкан бириккен субъекттерге кредит берүүдө комиссиялык жана башка жыйымдарды албоо.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору менен биргеликте БТӨК долбоорун ишке ашыруунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2026-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жасалган иш жөнүндө маалымат берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |