Загрузка документа…
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/3
Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жɵнүндɵ
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123 мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кара-Бүргɵн айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй 3(ч) багытта туруктуу комиссиялары түзүлсүн:
-жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;
– бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы 3(үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.
Комиссиянын төрайымы
Абдыраимова Сагынбүбү Кутчубаевна
Комиссиянын катчысы
Дүйшөналы уулу Акыл
Комиссиянын мүчөсү
Тыналиев Съездбек Алтымышович
3. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы 3 (үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.
Комиссиянын төрайымы
Курманбекова Калима Курманбековна
Комиссиянын катчысы
Байсеркеева Валентина Жумадиловна
Комиссиянын мүчөсү
Ормонов Урматбек Жанболотович
4. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы 3(үч) адамдан турган төмөндөгү курамда түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы
Атабекова Рита Куляевна
Комиссиянын катчысы
Токтокуев Жалил Ниязбекович
Комиссиянын мүчөсү
Курманбек уулу Берди
5. Түзүлгөн туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык иштерди жүргүзүүнү уюштурсун.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |