Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 9-декабры № 2/1
“Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен
комбайн үчүн каражат которуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын 16.05.2016-жылдагы №59 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине» ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен 500,0 сом акча каражаты Кара-Бүргөн айылындагы жергиликтүү тургундардын демилгеси жана каражаты менен алынган Нива эффект комбайны үчүн которуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |