Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 9-декабры № 2/2
Жергиликтүү тургундардын каражатынан жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын эсебинен сатылып алынган комбайнды “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айылындагы жергиликтүү тургундардын жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын каражаты менен алынган Нива эффект комбайны жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын менчигине кабыл алынсын.
2. Эсептешүү иштери толук жүргүзүлгөндөн кийин аталган Нива эффект комбайнын мамлекеттик каттоо иштерин жүргүзүү жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |