Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 9-декабры № 2/3
Терек айылынын тургуну Чоткараева Жыргалбү Өзүбековнанын
арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын негизинде Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМкылат:
1. Мурдагы Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Советинин Президиумунун 28-декабрь 1991-жылдагы №54 “Кыргыз Республикасынны Президентинин “Айыл чарбасындагы жер жана башка мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Закондорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү 10-ноябрь 1991-жылдагы Указын жетекчиликке алган Жениш колхозунун базасында дыйкан чарбаларды түзүү жөнүндөгү” токтомундагы Чоткараева Жаркын деген сөздөр Чоткараева Жыргалбү Өзүбековна деген сөздөр менен өзгөртүлүп, толукталсын.
2. Мурдагы Эл депутаттарынын Кара-Бүргөн айылдык Советинин Президиумунун 28-декабрь 1991-жылдагы №54 “Кыргыз Республикасынны Президентинин “Айыл чарбасындагы жер жана башка мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Закондорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү 10-ноябрь 1991-жылдагы Указын желекчиликке алган Жениш колхознунун базасында дыйкан чарбаларды түзүү жөнүндөгү” токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор бардык кызыкдар тараптарга билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы | Б. Кемелов |