Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 743
Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин жана өсүп турган дарак түрлөрүн турган жеринде баалап өткөрүүгө таксаларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 4, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежеси 1-тиркемеге ылайык;
2) өсүп турган дарак түрлөрүн турган жеринде баалап өткөрүүгө таксалар 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарба жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Өсүп турган дарак түрлөрүн турган жеринде баалап өткөрүүгө ТАКСАЛАР
№ | Дарак түрлөрү | 1 тыгыз куб.м даракка таксалар сом менен | |||
Иштетүүгө жарактуу | Отун | ||||
ири | орто | майда | |||
1 | Ийне жалбырактуулар: карагай, пихта, кызыл карагай, лиственница | 2002,82 | 1713,17 | 1246,17 | 231,26 |
2 | Арча (зеравшан, түркстан, жарым шар сымал) | 6801,08 | 5824,35 | 4315,50 | 1030,60 |
3 | Грек жаңгагы, мисте, бадам жана башка жаңгактуулар | 9167,63 | 7894,56 | 5983,79 | 826,28 |
4 | Катуу жалбырактуулар: эмен, шун дарагы, ак чечек, ак акация, кара жыгач жана башкалар | 5373,04 | 4616,39 | 3484,73 | 395,19 |
5 | Жумшак жалбырактуулар: терек, тал, кайың, байтерек, жоко жыгач жана башкалар | 520,91 | 440,09 | 316,59 | 240,26 |
6 | Бадалдар | - | - | - | 544,72 |
Эскертүү:
1. Даракты берүүдө чоңдугуна жана тилинүүчү материалдын чыгышына жараша таксаларга төмөнкү коэффициенттер колдонулат:
- ири - тилинүүчү материал 80-85 пайыз чыкса 2,0 коэффициент;
- орто - тилинүүчү материал 65-70 пайыз чыкса 1,5 коэффициент;
- майда - тилинүүчү материал 45-55 пайыз чыкса 1,2 коэффициент.
2. Өрттөн, курт-кумурскалардан, грибок илдеттерден, чапкындан, шамалдан бузулган жана куураган дарактарды берүүдө иштетүүгө жарактуу дарактын чыгышы азайса такса төмөнкүдөй арзандатылат:
- 10дон 30 пайызга чейин азайса - 25 пайызга чейин;
- 31ден 50 пайызга чейин азайса - 50 пайызга чейин;
- 51ден 75 пайызга чейин азайса - 75 пайызга чейин;
- 75 пайыздан көп азайса - 100 пайызга чейин.