Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-декабры № 193
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" - бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпул (мындан ары - "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу).";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 10-2-берене менен толукталсын:
"10-2-берене. "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун дайындоо
1. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин алардын социалдык-экономикалык абалына карабастан, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу дайындалат.
2. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандар (үй-бүлөлөр), 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду кошпогондо, алар мамлекеттик жөлөкпулдун башка түрүн алгандыгына карабастан, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу.";
3) 11-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду" деген сөздөрдөн кийин "жана "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн биринчи абзацында мамлекеттик тилдеги "белгиленсин" деген сөз "белгиленген" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул жана "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.";
г) 5-бөлүк "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн" деген сөздөрдөн кийин "жана "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулунан" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-пункттар менен толукталсын:
"13) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандар (үй-бүлөлөр) бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда же өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашпаган калктуу конуштарга көчүп кеткенде;
14) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) балдары 3 жашка чыкканда.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.У. Жапаров |
2024-жылдын 24-октябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
|