Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 03-декабры №3
“Дем берүүчү (үлүштүк) грантка, Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кароо жѳнүндѳ”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын талаптарына ылайык Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги I I сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк) грантына “Коминтерн айылындагы Спорт комплекстин имаратынын подвалын жана фасадын ремонттоо” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 478827 (Төрт жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз жыйырма жети) сом өздүк салым каралсын.
2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк) грантына “№12 “Акмарал” балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жана даараткана куруу” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 509 494 (Беш жүз тогуз миң төрт жүз токсон төрт) сом өздүк салым каралсын.
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Дем берүүчү (үлүштүк) грантына “Коминтерн айылындагы Спорт комплекстин имаратынын чатырын алмаштыруу, айланасын тосмолоо, абаттоо жана даараткана куруу” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 508698 (Беш жүз сегиз миң алты жүз токсон сегиз) сом өздүк салым каралсын.
4.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна “Курулуш айылынын №38 Бүчүр балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 570 500 (Беш жүз жетимиш миң беш жүз) сом өздүк салым каралсын.
5.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна “Курулуш айылынын №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин чатырын жана эшик терезелерин алмаштыруу” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 172 337 (Бир миллион бир жүз жетимиш эки миң үч жүз отуз жети) сом өздүк салым каралсын.
6.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна “Коминтерн айылынын №7 А.Төрөгелдиев атындагы орто мектептин сырткы фасатын жана эшик терезесин алмаштыруу” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 034 670 (Бир миллион отуз төрт миң алты жүз жетимиш) сом өздүк салым каралсын.
7.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна “Сакалды айылынын №10 К.Абдразаков атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 711 428 (Бир миллион жети жүз он бир миң төрт жүз жыйырма сегиз ) сом өздүк салым каралсын.
8.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна Чоӊ-Багыш айылындагы “Т.Токторалиев көчөсүнүн 1,1 км асфальт жолун капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 361 312 (Бир миллион үч жүз алтымыш бир миң үч жүз он эки) сом өздүк салым каралсын.
9.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна “Курулуш айылынын С.Эгембердиев көчөсүнүн 770 м асфальт жолун капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорун сунуштоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен 908 786 (Тогуз жүз сегиз миң жети жүз сексен алты ) сом өздүк салым каралсын.
10.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
М.Ажикулов |