Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 19-сентябры ПЖ № 268
Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди мамлекеттик башкаруу жана контролдоо системасын андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыксын;
- тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган комиссиялык кароонун жол-жоболорун токтотуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга республикалык квотаны бөлүштүрүү тартибин кайра карап чыксын;
- тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын "Электрондук виза" платформасынын базасында, туристтерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасында болууга жана эмгек ишин жүзөгө ашырууга укук берүүчү бирдиктүү документти иштеп чыксын;
- "Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат" документин жана ал үчүн мамлекеттик алым алууну киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандарды административдик чыгарып жиберүүнү камсыз кылуу үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алымдан каражаттардын бир бөлүгүн бөлүү жана кепилдик төгүмдөрдүн каражаттарын пайдалануу жолу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуучу иш берүүчүлөрдөн кепилдик төгүмдөрүн алуу механизмин иштеп чыксын жана киргизсин;
- билим берүү уюмунун визалык колдоосу боюнча келген адамдар үчүн билим берүү уюмдарынын (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилигин күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасына чакырган адамдар же чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алган адамдар тарабынан аларды каттоонун жана жашоого, жүрүүгө, жашаган жерин өзгөртүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүгө укук берген документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн айыптык санкцияларды көбөйтсүн;
- чек ара жанындагы эмгекчи-мигранттар үчүн визасыз режимди колдонуу мөөнөтүндө жекече эмгек ишине патент алар үчүн атайын эмгек визасын ("SW" тиби) алуу үчүн негиз болуп саналат деп белгиленсин;
- көрсөтүлгөн чараларды пилоттук режимде ишке ашырсын жана пилоттук долбоор ийгиликтүү интеграцияланган учурда бул миграциялык процесстерди мыйзамдык жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин;
- бул Жарлыктан келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрсүн.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |