Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябры №3
“Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, II Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши 2023-жылдын 16-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобого ылайык Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1.Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн калкынын саны 35 469 адамды түзгөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөттүн жергиликтүү курултайынын делегаттарынын жалпы саны 200 ( эки жүз) адам ченеминде бекитилсин.
2.Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо ченеми №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча №2 тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин.
4.Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана орду жөнүндө расмий сайттарга, массалык маалымат каражаттарына, социалдык тармактарга маалыматтарды жарыялоо айыл өкмөттүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага: |
М.Ажикулов |
№1 тиркеме БЕКИТИЛДИ Эргеш Алиев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясынын № 1 токтому менен |
Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндө ченеми
№ | Айылдын аталышы | Калктын саны | Бөлүнгөн квота |
1 | Сакалды айылынан | 4610 | 28 (жыйырма сегиз) адам |
2 | Комитерн айылынан | 4604 | 27 (жыйырма жети) адам |
3 | Чон-Багыш айылынан | 4219 | 20 (жыйырма ) адам |
4 | Курулуш айылынан | 4186 | 20 (жыйырма )адам |
5 | Шалка айылынан | 3798 | 19 (он тогуз) адам |
6 | Кыргызстан айылынан | 3591 | 18 (он сегиз) адам |
7 | Аримжан айылынан | 2202 | 13 (он үч) адам |
8 | Киров айылынан | 2064 | 12 (он эки) адам |
9 | Кара-Булак айылынан | 1624 | 10 (он) адам |
10 | Кагазды айылынан | 1284 | 7 (жети ) адам |
11 | Чек айылынан | 1189 | 7 (жети ) адам |
12 | Кызыл-Жылдыз айылынан | 847 | 6 (алты) адам |
13 | Бөбүй айылынан | 697 | 5 ( беш) адам |
14 | Сай-Бою айылынан | 654 | 5 (беш) адам
|
15 | Параканда айылынан | 505 | 3 (үч) адам |
Жооптуу катчы: |
Орозбек кызы Акылай |