ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2024-жылдын 17-декабры №1
“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу жер тилкесин муниципалдык менчикке убактылуу пайдаланууга өткөрүп алуу жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 05.12.2024-жылдагы чыг.№01-19/7374 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 13.12.2024-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсүнүн №150 дарегинде жайгашкан 4000 чарчы метр жер тилкесин 6 (алты) жылдык мөөнөткө акысыз (убактылуу) пайдаланууга, муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мериясынын жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.