Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 44
Арал айылынын тургуну Ибраимов Мадылбектин жазган кайрылуусу жөнүндө
Арал айылынын тургуну М.Ибраимовдун жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесин жетекчиликке алып, Каракол айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын тургуну М.Ибраимовдун жазган кайрылуусу канааттандырылсын .
2. Арал айылындагы Касымбек Сейдакматов көчөсүндөгү №161 даректеги жеке менчик турак жай куруу үчүн алынган 954,75 м2 жер участогу максаттык багыты коммерциялык болуп өзгөртүү жагына уруксат берилсин жана Талас райондук архитектура тарабынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К Токушев |