Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №47
КР УКМК ЧК Талас облусу боюнча башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө
КР УКМК ЧК Талас облусу боюнча башкармалыгынын 03.07.2024-жылдагы № 246 сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик чек араны кайтарууда жана өздүк курамдын жашоо турмушун жакшыртуу максатында Чырканак ашуусунун этек жагындагы № 670-контурунан 1,0 га жер тилкеси “Көпүрө-Базар” чек ара постун көчүрүүгө жана капиталдык курулуш иштерин баштоого бөлүнүп берилсин
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К Токушев |