Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз I сессиясынын
2024-жылдын 28-ноябры №1
“Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”
Эсептөө комиссиясынын 3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Д.Садырбаев айылдык кеңештин төрагасы болуп Тешебаев Акимбай Сатылганович шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрайым: |
С.Артыкбаева. |
Д.Садырбаев айылдык кенештин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу
28-ноябрь 2024-жыл Масы айыл
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Жантаева У. С.
Эсептөө комиссиясынын катчысы Саттарова Ж. К.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү Нарматов А. Э., Карабаева М.А., Кадырбеков М.Ж.
Күн тартиби:
1.Д.Садырбаев айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
_______________________________________________
Эсептөө комиссиясынын төрагасы У.Жантаева күн тартиби, айылдык кенештин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
айылдык кенештин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган
1. Тешебаев А. С.
Д.Садырбаев айылдык кенештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча,эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Д.Садырбаев айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны _31(отуз бир)
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны 31 (отуз бир)
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны 31 (отуз бир).
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны 31 (отуз бир)
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны 0 (нол)
6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны 31 (отуз бир)
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 31 (отуз бир)
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны_0_(нол
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Тешебаев А. С.- 23 (жыйырма уч)
2. Баарына каршы – 8 (сегиз)
Д.Садырбаев айылдык кенештин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Тешебаев Акимбай Сатылганович депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Д. Садырбаев айылдык кенешинин торагасы болуп шайлангандыгы таанылсын .
2. Бул протокол Д.Садырбаев айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы У.Жантаева
Эсептөө комиссиясынын катчысы Ж.Саттарова