Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылдын 12-декабры №2
“Д.Садырбаев айыл аймагы боюнча мүлк салыгынын зоналык коэффиценттин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын 29.11.2024-жылдагы чыгыш № 01-22-24 сандуу катты жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 5.12.2024-жылдагы чыгыш № 01-35/1827 сандуу катты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 2 пунктуна ылайык Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II-чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгынын 29.11.2024-жылдагы чыгыш № 01-22-24 сандуу жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 5.12.2024-жылдагы чыгыш № 01-35/1827 сандуу каттар эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 3,4 пунктуна жана 404-берененин 4-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча Зоналык коэффицент 1,2 өлчөмүндө бекитилсин жана бекитилген өлчөм боюнча иш алып баруу жагы Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Д.Садыбаев айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага: |
А.Тешебаев. |