Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 токтомуна) |
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) “Электрондук виза” порталы менен интеграцияланган “Бирдиктүү терезе” аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында болууга жана эмгек ишин жүзөгө ашырууга укук берген Бирдиктүү уруксатты тариздөө тартибин аныктайт.
2. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында болуу үчүн Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленген квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
3. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мыйзамдарда белгиленген тартипте чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квотанын чектүү санын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелейт.
Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын маалыматтарынын негизинде социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен ички эмгек рыногуна мониторинг жана талдоо жүргүзөт.
4. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга ар жылдык квотаны бекитүүдө төмөнкү критерийлер эске алынат:
– ишке орношуу максатында келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны;
– эмгек ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү;
– өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү (экономиканын конкреттүү тармактарын өнүктүрүү);
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук эмгек рыногундагы бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укугу.
5. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга белгиленген квоталардын алкагында Бирдиктүү уруксатты тариздейт.
6. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис – жогорку билими, иштин конкреттүү чөйрөсүндө иш тажрыйбасы, кесиптик көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
2) анык документ – ким экендигин күбөлөндүрүүчү, бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө ылайык келген, талаптагыдай таризделген жана ыйгарым укук берилген органдар тарабынан бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамга таандык болгон жана жасалмасы жок документ;
3) чет өлкөлүк жеке ишкер – Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилген патенттин, чечимдин же күбөлүктүн негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
4) чет өлкөлүк адис – иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү билими, керектүү квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
5) чет өлкөлүк жумушчу – Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырган жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис, чет өлкөлүк адис жана чет өлкөлүк жеке ишкер;
6) “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы – Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын компоненти болуп саналган жана Бирдиктүү уруксат тууралуу маалыматтарды каттоо, жүргүзүү, сактоо, иштеп чыгуу жана түзүү модулдарын камтыган интеграцияланган ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система;
7) чакыруучу тарап – чет өлкөлүк жумушчу менен эмгек мамилелерин түзгөн (иш берүүчү) жеке же юридикалык жак;
8) иштөөгө уруксат – чет өлкөлүк жумушчунун Кыргыз Республикасында эмгек же жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырууга укугун ырастаган документ;
9) QR-код – Бирдиктүү уруксаттын маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу оптикалык белги;
10) чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга электрондук уруксат – чакыруучу тараптын чет өлкөлүк жумушчуну кабыл алуу/жалдоо укугун документ түрүндө ырастоо;
11) Бирдиктүү уруксат – тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк жумушчуга электрондук тартипте берилген жана ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча атайын окулуучу QR-коду бар эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат жана иштөөгө уруксат жөнүндө маалыматтарды өзүнө камтыган документ.
7. Резидент-карта – “Электрондук виза” порталын тейлеген финансы мекемеси тарабынан берилген (мындан ары – Банк) атайын окулуучу QR-коду бар пластикалык дебеттик карта.
8. Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн чакыруучу тарап ушул Убактылуу жобонун 2-главасында каралган тартипте милдеттүү кепилдик төгүмүн төлөйт.
9. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө арыз “Электрондук виза” порталы аркылуу берилет.
Узак мөөнөттүү Бирдиктүү уруксат тууралуу маалымат резидент-картада камтылат.
Бирдиктүү уруксатты узартууга арыз Бирдиктүү уруксаттын колдонуу мөөнөтү жана/же визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү (Бирдиктүү уруксатты алгачкы тариздеген учурда) аяктаганга чейин 10 жумуш күндөн кем эмес мурда берилет.
Кыска мөөнөттүү бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн арыз ушул Убактылуу жободо каралган документтердин толук пакети берилген күндөн тартып 7 жумуш күнгө чейин; узак мөөнөттүү бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн 10 жумуш күнгө чейин каралат.
10. Иш берүүчү ишин токтоткондо (юридикалык жак жоюлганда, жеке ишкердин иши токтотулганда) Бирдиктүү уруксат ал берилген мөөнөткө карабастан күчүн жоготот.
Бирдиктүү уруксат башка иш берүүчүгө берилбейт. Иш берүүчү тарткан чет өлкөлүк жумушчулар башка иш берүүчүгө ишке которулбайт.
Иши токтотулган учурда чет өлкөлүк жумушчуга Бирдиктүү уруксаттын негизинде 30 күндүн ичинде өлкөдөн өз алдынча ыктыярдуу түрдө чыгуу үчүн укук берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин Бирдиктүү уруксат автоматтык түрдө жокко чыгарылууга жатат.
11. Кыргыз Республикасынын бир нече уюмдарында эмгек ишин жүзөгө ашырган учурда чет өлкөлүк жумушчуга ар бир уюмга, бирок 3 уюмдан көп эмес уюмга өзүнчө Бирдиктүү уруксат таризделет.
Бир нече уюмда эмгек ишин жүзөгө ашырган учурда алардын ичинен бири чет өлкөлүк жумушчу тарабынан негизги иш орду катары, ал эми калгандары кошумча иш катары аныкталат.
12. Тышкы иштер жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар салык органы менен биргеликте чет өлкөлүк жумушчунун эмгек акысын аныктоо боюнча минималдуу талаптарды анын жашаган аймагына жана ишинин тармагына жараша аныктайт.
2-глава. Бирдиктүү уруксатты тариздөө, баш тартуу жана жокко чыгаруу тартиби
13. Бирдиктүү уруксат тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайтында жеткиликтүү болгон “Электрондук виза” порталы аркылуу электрондук өтүнмө берүү аркылуу таризделет.
Өтүнмө чакыруучу тарап же Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууну пландаган өтүнмө ээси тарабынан берилет.
Өтүнмөнү түзүүдө чет өлкөлүк жумушчуга жеке номер ыйгарылат.
14. Өтүнмөнү тариздөө үчүн чакыруучу тарап өтүнмөнү “Электрондук виза” порталында “Жеке кабинет” аркылуу түзөт.
“Жеке кабинетте” чакыруучу тарап төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтөт:
– чакыруучу тараптын аталышы (юридикалык жактын же жеке ишкердин ИСН, катталган дареги, катталган датасы, иштин түрү жана башка маалыматтар);
– суралган чет өлкөлүк жумушчулардын саны;
– чет өлкөлүк жумушчулар жараны болгон өлкө (жарандыгы жок адамдар үчүн – чыккан өлкөнү көрсөтүү менен);
– чет өлкөлүк жумушчулар тартылган тармак жана иштин түрү;
– уюмдун штаттык расписаниесине ылайык салыктык чегерүүлөр жөнүндө маалыматтар.
15. Чакыруучу тарап улуттук эмгек рыногун эсепке албастан “Жеке кабинет” аркылуу чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга өтүнмөнү түзгөн учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган “Жеке кабинетти” активдештирүүдөн баш тартат.
“Жеке кабинетте” берилген маалыматтар чет өлкөлүк жумушчу күчүн конкреттүү уюмга тартуунун шарттарынын өзгөрүшүнө жараша оңдолууга тийиш.
16. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагына ишке орношуу максатында кирүүсү үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө Бирдиктүү уруксат таризделет.
17. Бирдиктүү уруксатты 60 күнгө чейинки мөөнөткө тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) чакыруучу тараптын өтүнүчү, анда чет өлкөлүк жумушчуну тартуунун зарылдыгынын себептери, анын болжолдуу кесиптик иши, жергиликтүү жумушчуну жалдоодон баш тартуу үчүн негиздер, ошондой эле анын пландалган иштөө мөөнөтү көрсөтүлөт;
2) тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча жумушчунун жана иш берүүчүнүн милдеттенмелери;
3) жарактуу документтин көчүрмөсү;
4) уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөсү: юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүк (юридикалык жактар үчүн), салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
5) Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырууну ниет кылган өтүнмө ээсинин жеке кайрылуусу;
6) лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырган учурда, лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсү;
7) бардык кызматкерлердин санын, жеке маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспортунун номери), ошондой эле бош орундар тууралуу маалыматты (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен бекитилген штаттык расписание.
18. Бирдиктүү уруксатты 1 жылга чейинки мөөнөткө тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1) чет өлкөлүк жумушчунун кесиптик ишин, жергиликтүү жумушчуну жалдоодон баш тартуу үчүн негиздерди, ошондой эле анын пландалган иштөө мөөнөтүн көрсөтүү менен чакыруучу тараптын өтүнүчү;

4) эмгек акысын же сый акысын (жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис үчүн) жана анын колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин көчүрмөсү;
5) уюштуруу документтеринин көчүрмөсү: юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүк (юридикалык жактар үчүн), салык карызынын жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты (ТМЭБС аркылуу маалымат алуу мүмкүн болбогон учурда);
6) патентти же жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктү тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырууну ниет кылган өтүнмө ээсинин жеке кайрылуусу;
7) “СПИД” республикалык борбору тарабынан берилүүчү АИВге карата антителолорго изилдөө жүргүзүү жөнүндө медициналык корутунду, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган жери боюнча врачтык кесиптик-консультациялык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү медициналык маалымкат;
8) берилген эмгек келишимине ылайык эмгек акыны чегерүү үчүн Банкта атайын эсеп ачууга макулдук.
Зарыл болгон учурда (берилген документтердин аныктыгына шек саноолор же тактоолор пайда болгондо) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган конкреттүү тармакта эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн максаттарды, негиздерди ырастоо үчүн кошумча документтерди сурайт.
19. Жумуш берүүчү чет өлкөлүк жумушчунун эмгек акысын банк картасына которот.
20. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө жеткире иштеп чыгууга кайтарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде оңдолууга тийиш, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин өтүнмө жокко чыгарылды деп эсептелет.
21. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу 6 жумуш күндүн ичинде макулдашылат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук органы Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө тоскоолдук кылуучу негиздердин жоктугу же Бирдиктүү уруксатты тариздөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө электрондук кабарлоо жөнөтөт. Улуттук коопсуздук органы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жооп берилбеген учурда өтүнмө оң макулдашылды деп эсептелет.
22. Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмөнү кароонун жыйынтыгы өтүнмөнү толтурууда көрсөтүлгөн электрондук почтага келип түшөт.
23. Таризделген Бирдиктүү уруксат жөнүндө маалыматтар Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы аркылуу ички иштер органына жөнөтүлөт.
24. “Туугандар виза” (“RL” тиби), “Чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн визалар” (“FF” тиби), “Инвестициялык” (“I” тиби), “Мекен виза” (“М” тиби), расмий виза (“О” тиби), окуу виза (“S” тиби) категорияларындагы жарактуу визалары бар жана Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүүчү адамдар Бирдиктүү уруксатты электрондук түрдө тариздейт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдар үчүн Бирдиктүү уруксат суралган, бирок визанын колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө таризделет.
Бирдиктүү уруксаттын бар экендиги тууралуу маалымат резидент-картадагы атайын QR-кодду окуу жолу менен жеткиликтүү болгон “Электрондук виза” порталында көрсөтүлөт.
25. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квотаны бөлүштүрүү ушул Убактылуу жобонун 28, 29-пункттарында каралган жактарга карата колдонулбайт.
26. Өтүнмө ээлери тарабынан ушул Жободо каралган документтер чет тилде берилген учурда аларга алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелет, мында документтерди которгон котормочунун колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш (эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостилдештирилүүгө тийиш же алар боюнча консулдук легалдаштыруу жол-жобосу жүргүзүлүүгө тийиш).
27. Визасыз кирүү жана болуу тартиби каралган чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын визасы эсепке алынбастан Бирдиктүү уруксат таризделет.
Бирдиктүү уруксат ушул Жобонун 17 жана 18-пункттарында каралган документтердин негизинде таризделет.
28. Чек арага жакын аймактарда жашаган чет өлкөлүк жарандарга (Өзбекстан Республикасынын) 6 айга чейинки мөөнөткө Бирдиктүү уруксат таризделет.
29. Жогорку квалификациялуу адис деп Кыргыз Республикасында эмгек ишине тартуу шарттары айына 1500 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө эмгек акы же сый акы алуусу болжолдонгон чет өлкөлүк адис таанылат.
30. Иш берүүчү жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистердин компетенттүүлүгүн, квалификациясынын деңгээлин баалоону өз алдынча жүргүзөт.
31. Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерге Бирдиктүү уруксат берилгенден кийин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистин эмгек келишимине ылайык иш берүүчү тарабынан эмгек акысынан же сый акысынан жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздандыруу жана салыктык чегерүүлөр жөнүндө маалыматтар суралат.
32. Кыргыз Республикасында жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер төмөнкүлөр үчүн эмгек ишине тартылбайт:
– диний үгүттөөчүлүк же башка диний иш менен алектенүү үчүн;
– чекене соода процессинде сатып алуучуларды соодалык тейлөө үчүн.
33. Бирдиктүү уруксат төмөнкү учурларда таризделбейт же жокко чыгарылат, эгерде чет өлкөлүк жумушчу:
1) улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, Кыргыз Республикасынын калкынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоого коркунуч келтирсе;
2) ушул Жободо белгиленген Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн документтерди берүүдө жалган маалыматтарды берсе;
3) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо, жазасын өтөгөнгө же бошотулганга чейин;
4) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болуучу узактыгы менен башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген же саламаттык сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылган мындай ден соолугунун бузулуусунан же оорудан жабыр тартса;
5) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана салык мыйзамдарына каршы келген аракеттерди жасаса, анын ичинде 3 жана андан ашык ай салыктык чегерүүлөр жүргүзүлбөсө;
7) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек же жеке ишкердик ишин токтотсо.
Мамлекеттик алымдын суммасынын жана кепилдик төгүмдүн суммасынын өлчөмү Бирдиктүү уруксатты тариздөөдөн баш тартылган учурда арыз ээсине кайтарып берилүүгө тийиш.
Бирдиктүү уруксатты тариздөөдөн баш тартуу же аны жокко чыгаруу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
34. Жарактуу Бирдиктүү уруксаты бар чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам чет өлкөлүк жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Бирдиктүү уруксаттын жарактуу мөөнөтүндө жүргөн жери боюнча катталууга тийиш.
3-глава. Бирдиктүү уруксатка төлөө үчүн каражаттарды
түзүү жана чегерүү тартиби
35. Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек визасынын, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксаттын, иштөөгө уруксаттын, кепилдик төгүмдүн эквиваленттүү наркынын жалпы наркы алынат. Бирдиктүү уруксаттын ставкасынын наркын эсептөө ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык белгиленет.
Нарктын эквиваленти Бирдиктүү уруксатты 60 күнгө чейин тариздөөдө эмгек визасынын, кепилдик төгүмдүн жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксаттын наркын кошуу жолу менен эсептелет. Бирдиктүү уруксатты 360 күнгө чейин тариздөөдө нарк эмгек визасынын жана жумушка уруксаттын наркын бириктирүү жолу менен түзүлөт.
36. Эмгек визасын тариздөө үчүн алынуучу каражаттар Кыргыз Республикасынын атайын эсептерде топтолуучу мамлекеттик каражаттар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине чегерилет.
37. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана иштөөгө уруксат үчүн мамлекеттик алым алынат жана республикалык бюджеттин кирешесине жиберилет.
38. Кепилдик төгүм Бирдиктүү уруксатты тариздөөдө алынат. Кепилдик төгүм ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды бирдей өлчөмдө каржылоо үчүн республикалык бюджеттин кирешесине жиберилет.
39. Кепилдик төгүмдүн каражаттары өлкөдөн чыгарылып жаткан адамдын эсебинде каражат жок болгон жана аны Кыргыз Республикасына чакырган жеке же юридикалык жактын маалыматтарын аныктоо мүмкүн болбогон учурда чыгаруу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылууга тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды күтүү үчүн атайын борборлорду куруу жана аларды материалдык-техникалык камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.
40. Бир чет өлкөлүк жумушчу үчүн кепилдик төгүмдүн наркы 50 эсептик көрсөткүчтү түзөт. Кепилдик төгүмдү чакыруучу тарап төлөйт.
4-глава. Эмгек ишин жүзөгө ашыруу тартибин
бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
41. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган миграция, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана улуттук коопсуздук органынын, экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде ак ниет эмес иш берүүчүлөрдүн реестрин (мындан ары – Реестр) түзөт, ал тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
42. Ак ниет эмес иш берүүчүлөрдүн реестри эмгек жана миграциялык мыйзамдарды, эмгек келишимдеринин шарттарын же жумушчулардын алдындагы башка милдеттенмелерди бузган юридикалык жана жеке жактардын системалаштырылган тизмегин билдирет.
43. Реестрдин түзүмү юридикалык жактын аталышынан (уюштуруучулардын маалыматтарын кошкондо) же жеке жактын фамилиясынан, атынан, атасынын атынан, ИСНден (чакыруучу тараптын (иш берүүчүнүн) идентификациялык номери), эмгек жана миграциялык мыйзамдарды бузуудан (мисалы, эмгек акыны төлөбөй коюу, эмгек шарттарын бузуу), салынган санкциялар жана жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтан турат.
44. Иш берүүчүнү Реестрге киргизүү үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат:
– эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды системалуу бузуу (жылына эки же андан көп жолу);
– чет өлкөлүк жумушчулардын жүрүү тартибин жана аларды ишке тартуу эрежелерин бузуулардын саны;
– эмгекти начарлатуучу шарттарды түзүү;
– тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузган башка шарттар;
– 3 же андан ашык ай салыктарды төлөөдөн качуу.
45. Реестрге киргизилген иш берүүчүлөргө Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө өтүнмө берүү үчүн “Жеке кабинетти” ачуудан баш тартылышы мүмкүн.
Иш берүүчү Реестрден бир календардык жыл өткөндөн кийин чыгарылат.
46. Жумушчу менен эмгек укуктук мамилелер токтотулган жана/же иш берүүчүнүн иши токтотулган (юридикалык жакты жоюу, жеке ишкердин ишин токтотуу) учурда иш берүүчү “Жеке кабинет” аркылуу 3 күндүн ичинде Бирдиктүү уруксатты жокко чыгарууга өтүнмөнү тариздейт.
47. Жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн статистикалык маалыматтар “Электрондук виза” расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5-глава. Ички иштер органы тарабынан миграциялык
кырдаалга мониторинг жүргүзүү
48. Чет өлкөлүк жумушчулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында ички иштер органы санариптик технологиялар аркылуу өлкөдөгү миграциялык кырдаалга электрондук мониторинг жүргүзөт.
Электрондук мониторингди пайдалануу чет өлкөлүк жумушчулардын жана үчүнчү жактардын кат алышуунун, телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашыруун сырга болгон укуктарын бузбоого тийиш.
49. Электрондук мониторингди колдонуунун натыйжасында алынган маалыматтар чектелген пайдалануудагы маалымат болуп саналат. Чет өлкөлүк жумушчу, ошондой эле ички иштер органынын электрондук мониторингди түздөн-түз жүргүзгөн кызматкери мындай маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
|
| |
|
| Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
“Бирдиктүү уруксат”
КР Герби | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ | |
| ||
| MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC
Бирдиктүү уруксат/Uniform permit | |
| ||
| ||
Сүрөт/Photo |
| Арыздын номери/ Reference number: XXXXXXXX |
|
|
|
|
| QR код |
|
|
|
Толук аты-жөнү/Full name: |
| |
Туулган датасы/Date of birth: | XX/XX/XXXX | |
Жарандыгы/Citizenship: |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) номери/ |
| |
Number of Travel document (passport): |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) берилген датасы/ | XX/XX/XXXX | |
Date of issue of the travelling document (passport): |
| |
Жарактуу документтин (паспорттун) бүткөн датасы/ | XX/XX/XXXX | |
Date of expiry of the travelling document (passport): |
| |
Бирдиктүү документтин мөөнөтү/Validity of uniform permit: |
| |
Жүрүү мөөнөтү/Period of stay: |
| |
Чакыруучу тарап/Inviting party: |
| |
Чакыруучу тараптын жеке салык номери/Inviting party’s individual taxpayer number |
| |
Иштөөгө уруксат/The right to work |
| |
Уруксаттын мөөнөтү/The term of permit: |
| |
Берилген датасы/Date of issue: | XX/XX/XXXX | |
|
| |
|
| Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
“Бирдиктүү уруксаттын” ставкалары
№ | Бирдиктүү уруксаттын түрү (категориясы) | Бирдиктүү уруксаттын ставкасы (сом менен) | Бирдиктүү уруксаттын ставкасы (АКШ доллары менен) |
1 | Чет өлкөлүк жумушчулар үчүн бирдиктүү уруксат: – 60 күнгө чейин |
| 75 |
Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары үчүн |
| 10 | |
2 | Чет өлкөлүк жумушчулар үчүн бирдиктүү уруксат: – 360 күнгө чейин |
| 225 |

| 20 | |
3 | Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат | 20000 |
|
4 | Кепилдик төгүм | 5000 |
|
5 | Иштөөгө электрондук уруксат | 5000 |
|
Жеке ишкерлер үчүн | 30000 |
| |
6 | Барып-келүү менен (чек арага чектеш) эмгек миграциясын жүргүзгөн Өзбекстан Республикасынын жарандары үчүн бирдиктүү уруксат – 6 айга чейин |
| 50 |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ