Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 16-январы ПТ № 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 220 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:
Джаманкулов Марат Тургунбаевич - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси, Алыбаев Кубанычбек Дайырбекович - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги, Нурматов Уланбек Убайдулаевич - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты, Аширматова Жайнагуль Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты, Толобалдиев Максат Эсенбекович - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |