Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 08-майы №225
“Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата айылындагы машыгуу залына Афган согушунун ардагери, маркум Асылканов Сулайманбек Шамшыбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата айылындагы машыгуу залына Афган согушунун ардагери, маркум Асылканов Сулайманбек Шамшыбековичтин ысымын коюу боюнча Саргата айылынын жашоочуларынын 2024-жылдын 15-февралындагы жалпы чогулушунун №1 протоколунун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата айылындагы машыгуу залына Афган согушунун ардагери, маркум Асылканов Сулайманбек Шамшыбековичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Эки тараптуу келишимдин негизинде маркум Асылканов Сулайманбектин иниси Ратбек уулу Тилекке машыгуу залынын айланасын тосуу, таза суу киргизүү жана башка кемчилдиктерин бүткөрүү менен жыл сайын спорттук иш -чараларды өткөрүп туруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |