Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-ноябры № 219
2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Өзгөн шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 14 шайлоо участок түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине 35418 шайлоочу киргизилген.
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 4 саясий партия катталган: "Ынтымак", "Жаңы Кыргызстан", "Ыйман Нуру", "Эл биримдиги".
Добуш берүүгө жалпысынан 6294 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 17,77% түзөт.
Өзгөн шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 4 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: "Ынтымак" - 1834 добуш (29,88%) - 9 мандат; "Жаңы Кыргызстан" - 1675 добуш (27,29%) - 9 мандат; "Ыйман Нуру" - 1370 добуш (22,32%) - 7 мандат; "Эл биримдиги" - 1203 добуш (19,60%) - 6 мандат.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" Жобого ылайык:
- 14 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Өзгөн шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган. Кабыл алынган чечимге даттануулар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына жана Өзгөн шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2024-жылдын 23-ноябрындагы
№219 токтомуна тиркеме
2024-жылдын 17-ноябры
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
ОШ ОБЛУСУНУН ӨЗГӨН РАЙОНУНДАГЫ ӨЗГӨН
ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
П Р О Т О К О Л
Өзгөн шаардык кенңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо.
I. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын(Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).
II. Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди. №1,2,3 таблица түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
№
| Саясий партиянын аталышы (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | % |
|
| ||||
1. | “Ынтымак” | 1834 | 29,88% |
|
2. | “Жаңы Кыргызстан” | 1675 | 27,29% |
|
3. | “Ыйман Нуру” | 1370 | 22,32% |
|
4. | “Эл биримдиги” | 1203 | 19,60% |
|
5. | «Талапкерлердинтизмесинин баардыгына каршы» позициясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны | 55 | 0,90% |
|
№ 2 таблица
2. | Күчүн жоготту (КР БШКнын токтому, 01.10.2024-ж. №156) |
|
|
|
|
|
|
|
3. | Шаардык кеңеш боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны | 0 | 3 | 5 | 4 | 1 | 8 | Отуз беш миң төрт жүз он сегиз |
4. | Күчүн жоготту (КР БШКнын токтому, 01.10.2024-ж.№156) |
|
|
|
|
|
|
|
5. | Шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны (5=5а+5б+5в+5г) | 0 | 0 | 6 | 2 | 9 | 4 | Алты миң эки жүз токсон төрт |
5а | Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
5б. | Жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жарактуу көчмө үкөктөр боюнча) |
|
|
|
|
|
|
|
5в.
| Жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн бюллетендерди алган шайлоочулардын саны (жараксыз көчмө үкөктөр боюнча) |
|
|
|
|
|
|
|
5г. | Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
6. | Жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынган шайлоо бюллетендердин саны |
|
|
|
|
|
|
|
7. | Жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны | 0 | 0 | 6 | 1 | 3 | 7 | Алты миң бир жүз отуз жети |
8. | Жараксыз шайлоо бюллетендеринин саны (жараксыз көчмө үкөктөрдөн алынып чыккан бюллетендер эске алынбайт) | 0 | 0 | 0 | 1 | 5 | 7 | Бир жз элүү жети |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
№ 3 таблица
1. | Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын аталышы | |||
| 1. “Ынтымак” 2. “Жаңы Кыргызстан” 3. “Ыйман Нуру” 4. “Эл биримдиги” | |||
2. | «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизиндедепутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө укук алган саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | |||
| Саясий партиянын аталышы | Депутаттык мандаттын саны | ||
1. | “Ынтымак” | 9 | ||
2. | “Жаңы Кыргызстан” | 9 | ||
3. | “Ыйман Нуру” | 7 | ||
4. | “Эл биримдиги” | 6 | ||
3. | «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин негизинде саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесиндеги ар бир шайланган депутаттарды Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы аныктады: | |||
№ | Саясий партиянын аталышы | № | Депутаттын фамилиясы, аты, атасынын аты | |
1. | “Ынтымак” | 1. | Шамаматов Нурилло Маматкаримович | |
2. | Мамазайитов Арапжан Жомолдинович | |||
3. | Низамидинова Манзурахон Гуламидиновна | |||
4. | Имьяминов Йулчивай Таджимахаматович | |||
5. | Рызакулов Марифжан Панайдинович | |||
6. | Закирова Барно Абытовна | |||
7. | Чолуков Уран Абдиназарович | |||
8. | Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович | |||
9 | Абдукаимова Маргубахон Махаматкабыловна | |||
2. | “Жаңы Кыргызстан” | 1. | Садыкжон угли Музаффаржон | |
2. | Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич | |||
3. | Кадырова Алтынай Мурзабаевна | |||
4. | Талипов Абытжан | |||
5. | Абдырахманов Хатамжан Омаралиевич | |||
6. | Чакаева Флюра Жумабаевна | |||
7. | Дадажанов Исакжан Исраилович | |||
8. | Калматов Чынгыз Шайловбекович | |||
9. | Ураимова Махаехон Махамаджановна | |||
3. | “Ыйман Нуру” | 1. | Юлдашев Нишонбай Алибаевич | |
2. | Мирзакаримов Мирзамахмуд Сармасович | |||
3. | Каримова Мухаббатхон Турсинбаевна | |||
4. | Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович | |||
5. | Кахаров Алишер Абдухалилович | |||
6. | Абдурахманова Мархабахон Номанжоновна | |||
7. | Абдурахманов Хатамжан Номанджанович | |||
4. | “Эл биримдиги” | 1. | Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич | |
2. | Джалилов Азамжан Абдуллажанович | |||
3. | Нарматова Мияссархан Адахамовна | |||
4. | Кадиркулов Кодиржон Махамаджанович | |||
5. | Абдукаримов Тохтасин Акбаржанович | |||
6. | Кадырахунова Данохон Касимжановна | |||
|
|
|
|
|
Протокол 2024 жылдын «21» ноябрында 20 саат 00 мүнөттө түзүлдү.