Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 6-декабры № 195
Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 147-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "дары каражаттарын клиникалык сыноону" деген сөздөр "дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды клиникалык изилдөөнү (сыноону)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "200" жана "500" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "500" жана "2000" деген цифраларга алмаштырылсын, "кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу" деген сөздөр "эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Балага карата" деген сөздөр "Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген же балага карата" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "беш жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 152-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"152-берене. Мыйзамсыз медициналык же фармацевттик иш
1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, милдеттүү түрдө алынуусу мыйзамда каралган лицензиясыз (уруксатсыз) жүзөгө ашырылуучу медициналык же фармацевттик иш, ага тете медициналык билими жок адам тарабынан жүзөгө ашырылуучу мыйзамсыз медициналык иш, -
500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 152-1-берене менен толукталсын:
"152-1-берене. Салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенүү
1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген, жогорку медициналык билими жок жана салттуу (элдик) медицина жаатында атайын даярдыктан өтпөгөн адамдын салттуу (элдик) медицина менен алектенүүсү, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
4) 294-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"294-берене. Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу
1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, дарылоо-косметикалык буюмдарды, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктарын же тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана/же сатуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же конфискациялоо менен же анысы жок үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
конфискациялоо менен же анысы жок беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -
конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Кылмыштын түздөн-түз предмети болуп саналган дары каражаттары жана медициналык буюмдар, дарылоо-косметикалык буюмдар, дарылоо-алдын алуу тамак-аш азыктары же тамак-аш кошулмалары мыйзамсыз иш-аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган субъекттердин эсебинен конфискацияланууга жана жок кылынууга тийиш.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "149, 372-1 жана 373-беренелеринде" деген сөздөр "76, 77, 77-1, 149, 284-1, 284-2, 372-1 жана 373-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "144, 149 жана 346-беренелеринде каралган" деген сөздөр "76, 77, 77-1, 144, 149, 284-1, 284-2 жана 346-беренелеринде каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 76 жана 77-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"76-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатууда бааларды жөнгө салуунун белгиленген эрежелерин бузуу
1. Чекене сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Дүңүнөн сатууда дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал, аскердик абал шартында жана (же) айланасындагыларга коркунуч жараткан оорунун жайылуу коркунучу жаралган учурда, ошондой эле чектөөчү экономикалык чаралар киргизилген шарттарда киргизилген дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу бааларды жана үстөк бааларды жогорулатуу -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
77-берене. Фармацевтикалык иштин субъекттери тарабынан дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу
1. Сапатсыз, бурмаланган, жарактуулук мөөнөтү бүткөн, жарабай калган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү, өндүрүү, даярдоо, дүңүнөн же чекене сатуу жана/же берүү, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Дары каражаттарын санариптик маркалоо эрежелерин бузуу менен дүңүнөн же чекене сатуу, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Рецепттерди жазуу эрежелерин бузуу же рецепттик дары каражаттарын рецепти жок чекене сатуу жана берүү, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары каражаттарын чекене сатуу жана берүү эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Дары каражаттарын сактоо эрежелерин бузуу, -
жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
7. Клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү тартибин бузуу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8. Ушул берененин 1-7-пункттарында көрсөтүлбөгөн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 77-1-берене менен толукталсын:
77-1-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары ташып келинген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатуу
Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары ташып келинген дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуу, -
жеке жактарга 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
4) 78-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78-берене. Салттуу (элдик) медицина менен алектенүү тартибин бузуу
Салттуу (элдик) медицина менен алектенүү тартибин бузуу, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 284-1 жана 284-2-беренелер менен толукталсын:
"284-1-берене. Медициналык жана фармацевтикалык ишти лицензиясыз жүзөгө ашыруу
Мыйзамда милдеттүү түрдө алынуусу каралган лицензиясы (уруксаты) жок медициналык жана фармацевтикалык ишти жүзөгө ашыруу, -
жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
284-2-берене. Медициналык же фармацевтикалык ишти лицензиялык талаптарды бузуу менен жүзөгө ашыруу
Медициналык же фармацевтикалык ишти лицензиялык талаптарды бузуу менен жүзөгө ашыруу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
6) 405-берененин экинчи абзацында "100" жана "280" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "150" жана "350" деген цифраларга алмаштырылсын;
7) 465-беренеде "75-84" деген цифралар "75, 77, 77-1 - 84" деген цифраларга алмаштырылсын;
8) 494-беренеде "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "76," деген цифра менен толукталсын;
9) 495-беренеде "284 жана 285" деген сөздөр "284, 284-1, 284-2 жана 285" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-берененин 2-бөлүгүндө "контролдоо" деген сөздөн кийин "жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү иш" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 9-беренеде:
а) 1-пункттун "б" пунктчасында "Мыйзамдын 15-беренесинин" деген сөздөрдөн кийин "7," деген цифра менен толукталсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) колдонулушу лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу аймак менен чектелген жана ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата гана киргизилген;";
3) 11-беренеде:
а) 1-бөлүк:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7-пунктунда каралган лицензия үчүн - жеке медициналык иштин алкагында уруксат берилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, жол-жоболордун жана манипуляциялардын түрлөрү, ошондой эле иш жүзөгө ашырылып жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги;
4-2) Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 8-пунктунда каралган лицензия үчүн - фармацевтик иштин уруксат берилген түрлөрү, ошондой эле иш жүзөгө ашырылып жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин дареги;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-бөлүктөр менен толукталсын:
"2-1. Зарыл болгон учурда лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемелер таризделет.
2-2. Лицензияга тиркеме аткарылуучу иштин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин түрлөрүнүн ар бирин жана иштин лицензиялануучу түрүнүн операцияларын, ошондой эле иш жүзөгө ашырылып жаткан объекттин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү үчүн таризделет.";
4) 15-берененин 7 жана 8-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жеке менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында, же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин кошпогондо) тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш;
8) фармацевттик иш: дары каражаттарын өндүрүү, медициналык буюмдарды өндүрүү, дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу (дистрибуция), дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып келүү (импорттоо), дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды чекене сатуу, дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды даярдоо, саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык бумдарды сактоо жана берүү;";
5) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 42-пункт менен толукталсын:
"42) дары каражаттарын жана медициналык бумдарды жүгүртүү чөйрөсүндө клиникалык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү.";
6) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу ишти жүзөгө ашыруучу жердин географиялык аталышын (даректерин) өзгөртүү;";
7) 29-берененин 1-бөлүгү:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензия алуучунун ишинин натыйжасында адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна залал келтирүү фактысын белгилөө.";
б) үчүнчү жана төртүнчү абзацтарда "1-4-пункттарында" деген сөздөр "1-5-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 31-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында каралган лицензияларга карата лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарекке ылайык келбеген дарек боюнча (географиялык аталышын өзгөртүү учурларын кошпогондо) ишти жүзөгө ашыруу.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 52-1-пункт менен толукталсын:
"52-1) медициналык иш - медициналык-санитардык жардам, медициналык жана медициналык-алдын алуу кызматтарды берүү жана көрсөтүү боюнча кесиптик иш;";
2) 21-берененин 10-пунктунда "ишкердик субъекттерди текшерүү жөнүндө" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
C.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |