Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 4-декабрындагы № 04-13/404
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген балык чарба чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинин 13-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
- Балык запастарын жана алардын жашоо чөйрөсүн коргоо эрежелеринин тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин жана балык чарбаларда товардык балыктарды жана балык өндүрүүчү материалдарды өстүрүүнүн эрежелери 3-тиркемеге ылайык;
- Илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерди жана билеттерди берүүнүн жана пайдалануунун тартиби 4-тиркемеге ылайык;
- Балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби 5-тиркемеге ылайык;
- Балыкчылык, балык өстүрүү жана балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде берүүнүн тартиби 6-тиркемеге ылайык;
- Балык уулоо жана балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруунун жана иштетүүнүн тартиби 7-тиркемеге ылайык;
- Балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык иштерди жүргүзүүнүн жана контролдук балык уулоонун тартиби 8-тиркемеге ылайык
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгы:
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өткөрүп берген балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2019-жылдын 4-мартындагы № 4-дп буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., министрдин биринчи орун басары |
| Ж.К. Керималиев |