Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №48
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Казыбеков Эрмектин арызын карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32, 13 беренелерин жетекчиликке алып, Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арал айылынын калктуу конушундагы Байгөнчөк уулу Кожомурат көчөсүнүн №504 контуруна тиешелүү бош жаткан жер, турак жай куруу үчүн айыл тургуну Казыбеков Эрмекке берилсин.
2. Курулуш жумуштары райондук архитектура жана курулуш башкармасынан алынган юридикалык иш кагаздарынын жана бекитилген курулуш куруу документтеринин негизинде курулуштук нормаларды жана эрежелерди эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К Токушев |