КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №51
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Каракол айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө.
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Каракол айыл аймагындагы Арал айылынын АКИА АК төрагасы Абдылдаев Нуркалый Касымовичтин маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча АКИА АК төрагасы Абдылдаев Нуркалый Касымовичтин маалымат-отчету кабыл алынсын .
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы АКИА ны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |