Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 11-декабры № 10
Турмуш-тиричилик калдыктарын топтоо үчүн полигонго жер ажыратып берүү жана ал жердин жер категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27- беренесинин 11-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу үчүн таштанды полигонун куруу максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн Паскы-Арык айылынын түндүк-батыш тарабынан 1,0 га жер аянты, Жаңы-Бак айылынын түндүк тарабынан 1,0 га жер аянты ажыратылып берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Жогоруда аталган жер тилкелерин “айыл чарба багытындагы жерлеринин таштуу жайыт жерлер түрүнөн таштанды калдыктары полигонун куруу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү мамлекеттик органдарга документтерди даярдап берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси Каримов Б. милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б.Гапаров |