Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 11-декабры № 11
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынан сейил бак куруу максатында 0,60 га жер аянтынын жер категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 10-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынан 0,60 га жер аянты “айыл чарба багытындагы жерлеринин көп жылдык бак-дарактар түрүнөн сейил бак куруу үчүн “калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү мамлекеттик органдарга документтерди даярдап берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси Каримов Б. милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б.Гапаров |