Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 11-декабры № 13
Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ысманова Ү. билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерине, атап белгилегенде:
-3111 “Курулуш жана имараттар” беренеси толук аткарылбай калгандыгына байланыштуу ушул беренеден 1 000 000,0 (бир миллион) сом кыскартылуу менен төмөнкү беренелерге:
-2215 “Ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөр”беренесине 800 000,0 (сегиз жүз миң) сом;
- 2824“Резервдик фондго” - 200 000,0 (эки жүз миң ) сом жылдырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына (Джусупов Х.) тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б.Гапаров |