Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 11-декабры № 14
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдон түшкөн билдирүү катты талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан берилген аныктаманын негизинде (чыг. №01-13/3137 20.09.2024-ж.) өздөштүрүү үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн №497 контурунда жайгашкан 1,0 га таштуу жайыт жер “айыл чарба багытындагы көп жылдык бак-дарактар жерлери” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б.Гапаров |