Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2024-жылдын 11-декабры № 15
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдон түшкөн билдирүү каттыталкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы- нын Баткен филиалы тарабынан берилген аныктаманын негизинде (чыг.№01-13/3699 11.12.2024-ж.) Самаркандек айыл өкмөтүнүн Ак-Чечек участогунда жайгашкан жалпы аянты5,0 га жер, анын ичинен №5694 контурундагы 4,60 га таштуу жайыт жер жана №5695 контурундагы 0,40 га таштуу жайыт жерлер айыл чарба багытындагы “көп жылдык бак-дарактар жерлери” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б.Гапаров |