Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/1
Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин
төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 2 пунктунун талабына ылайык жашыруун добуш менен шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын жана эсептөө комиссиясынын курамдык санын түзүү максатында Чолпон айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзүлсүн:
- Арпачиева Рахат Шариповна – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын төрайымы;
- Мамбетакунов Канат Артелович – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын катчысы;
- Өмүралиев Төлөбек Каныбекович – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын мүчөсү.
2. Мыйзам чегинде шайлоону өткөрүү жагы эсептөө комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мамбетова |