Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/2
Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 4-5-6-7 пунктарынын талабына ылайык Чолпон айылдык кеңешинин Регламентине жана депутаттардын VII-чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Депутаттардын VIII –чакырылышынан шайланган Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Чолпон айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон 4167 «Чолпон» шайлоо округунан депутат Урматов Өмүрбек Урматович Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлансын.
3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага | Ж. Мамбетова |