Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 3
Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарынын
туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 36-беренесинин жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын курамы бекитилсин (тиркеме №1).
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Респубдикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Газыбек у. Асанга тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б. Гапаров |
Тиркеме №1
Самаркандек айылдык кеңешинин
VII чакырылышынын I сессиясынын
2024- жылдын 27-ноябрында №3 токтому
менен кабыл алынган.
Самаркандек айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы:
I. Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына:
Салихов К., Таабалдыева К., Исакова А. (төрайым) .
II. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комисиясы:
Асанова М., Эгемова Г.,(төрайым) , Амираева С..
III. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы:
Джусупов Х.(төрага), Каримов А., Дыйканов А., Масейитова А.
IV. Мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы:
Ташполотов М.,(төрага), Тулаева И., Саматова М., Ашырбаев А.
V. Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы:
Орозалиев И.(төрага), Пирматов М., Маматов А., , Ишимова Д., Калбаев М.