Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 4
Өкүлчүлүктүү жыйынды чакыруу жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл аймагында жергиликтүү жамааттын Өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрында чакырылсын.
2. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылып берүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бурхановго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б. Гапаров |