Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 5
Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы санын бекитүү жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 13323 адамды түзгөндүгүнө ылайык Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны квотага ылайык 100катышуучу болуп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б. Гапаров |